Свердлов районунун акими жолдордун жана тротуарлардын курулушу менен таанышты.
Пархоменко көчөсүндөгү иштердин жүрүшү менен таанышып, ишти жуманын аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды. Оңдоо иштери Фрунзе көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки 530 метр тилкеде жүргүзүлүүдө.
«Бишкекасфальтсервис» МИнин кызматкерлери Менделеев көчөсүн бойлой ишин улантууда. Учурда лоток жана жол бордюрлары орнотулууда. Ошондой эле 340 метр узундуктагы асфальт төшөө үчүн жолду даярдоо иштери жүрүп жатат.
Керченский тилкесинде Элебесов көчөсүнөн Дачная-Керченская конушуна чейин лотокторду орнотуу иштери башталды.
Муниципалдык жерге мыйзамсыз курулуш курган үй ээлерине Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан эскертүүлөр берилди. Жолдун курулушуна имараттар тоскоол болууда.
Ошондой эле, Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы) узундугу 870 метрди түзгөн тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.