Бишкектиктер үлүштүк гранттар аркылуу кварталдарын көрктөндүрсө болот.
Биринчи май району боюнча комиссиянын мүчөлөрү 15 арызды карап, анын ичинен 8 арыз 5 млн 173 миң 699 сомго канааттандырылды.
Алсак, канааттандырылган арыздар үйдүн чатырын алмаштыруу, лифтти модернизациялоо, үйдүн фасадын жана подъездди оңдоого, ирригация төшөө иштерине тиешелүү.
Биринчи май акимчилиги тарабынан жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарын көзөмөлдөнүп жана мониторинг жүргүзүү иштери аткарылат.
Белгилей кетсек, гранттар Бишкек шаарынын жана жергиликтүү жамааттардын аймактарын өнүктүрүүгө багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого жумшалат.
Программанын максаты – коомдук активдүүлүктү жогорулатуу жана шаардын коммуналдык жана башка маселелерин өз алдынча чечүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.
Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Грант алууну кааласаңыздар, төмөнкү даректер боюнча кеңеш алуу үчүн борбор калаанын акимияттарына кайрылыңыздар:
Ленин районунун акимиаты, Чүй проспектиси №315, тел: 0 312 65-68-78;
- Октябрь акимиаты, Байтик Баатыр көч.№17, тел: 0312 57 69 91, 57-66-11;
- Биринчи май акимчилиги Жибек Жолу проспектиси №348, тел: 0312 325484 дареги боюнча;
- Чүй проспектиси №28, дареги боюнча Свердлов акимчилигинин эшиги ачык, тел: 0312 36-07-07, 0312 36-01-93