"Таберик" музыкалык балдар театрынын залында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти «Эр жигит» спартакиадасынын шаардык баскычынын жана “Жол кыймылынын жаш инспектору-2023”, «Жокер ыры» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады.
Бул иш-чаралардын баары Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү.
Аскердик-прикладдык спорт боюнча “Эр жигит” спартакиадасынын жеңүүчүлөрү грамоталар, ыраазычылык каттар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты:
- 1-орунга ээ болгондугу үчүн №89 орто мектептин командасына ноутбук тапшырылды;
- 2-орун үчүн №62 ОТК МГ командасы компьютерга ээ болушту;
- 3-орун ээлеген эки команда №24 жана №31 мектеп-гимназиясынын командалары көп функционалдуу принтерлери менен сыйланышты.
Ошондой эле шаардык «Жол кыймылынын жаш инспектору-2023» сынагында байгелүү орундарды ээлеген командалар сыйланышты:
- 1-орун үчүн № 67 ОТК МГнын командасына ноутбук жана көп функционалдуу принтер тапшырылды;
- 2-орун үчүн - № 26 КГнын командасы ноутбук менен сыйланды;
- 3-орун үчүн - № 79 орто мектептин командасы комплекттеги компьютер менен сыйланышты;
- 4-орун үчүн - №54 орто мектептин командасы көп функционалдуу принтерин алышты.
Ошондой эле №32, 55 жана №1 БГИ мектептеринин ЖКЖИ командаларынын активдүү катышкандыгы үчүн микрофондору бар зымсыз портативдик колонкалар тапшырылды.
Шаардык «Жоокер ыры» аскердик-патриоттук ырлары сынагына катышкан 34 мектептин окуучулары «Согуш жылдарындагы ырлар», «Патриоттук ыр» жана «Көркөм окуу» номинациялары боюнча мыкты аткаргандыгы үчүн байгелүү орундарга ээ болду жана дипломдор, баалуу белектер менен сыйланышты:
- 3 номинация боюнча 1-орун алгандыгы үчүн №№ 23, 24, 12, 13, 38, 69 мектептердин окуучуларына грамоталар жана уюлдук телефондор менен тапшырылды;
- 2 жана 3-орундарга ээ болгондугу үчүн №№ 55, 62, 97, 79,80,91,67,78,59,74,88 мектептеринин окуучуларына грамоталар жана микрофондор менен портативдик колонкалар белек кылынды.
Активдүү катышкандыгы үчүн 15 окуучу Ч. Айтматовдун чыгармалары жыйнактары менен сыйланышты.