"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүндөгү жарыктандырууну демонтаждоо жана монтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Алсак, ишкананын жамааты Абдымомунов көчөсүндө Орозбеков көчөсүнөн  Раззаков көчөсүнө чейин көчө чырактарын жаңыларына алмаштырышты. 13 метрлик ромашкалардын ордуна питердик  чоюндан жасалган 12 метрлик лампалар орнотулду. Сыртынан караганда, лампалар эски чырактарга окшош, бирок алар заманбап жана энергияны үнөмдөөчү чырактардан.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.