“Бишкек суу чарба” муниципалдык ишканасы 6, 8, 11, 4-кичирайондорго Б2-2 үлгүдөгү сугат темир-бетон ирригациялык  лотокторун орнотушту.

Бул лотоктор секундуна 35-40 литр суу өткөрүүгө жөндөмдүү. Ылдам  өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн аркасында жашыл аянттар сугат суусу менен камсыздалат.

Белгилей кетсек,  орнотулган лотоктун  жалпы узундугу  564 погондук метрди түзөт.

Урматтуу шаар тургундары! Магистралдык каналдарга , ирригацияларга жана коллектордук-дренаждык түйүндөрдөргө таштанды таштабоону жана ошондой эле шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.