Октябрь администрациясында борбор калаанын мэринин орун басары  Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Манас-Ч.Айтматов проспектиси жана Ю.Абдрахманов-Б.Баатыр көчөлөрү боюнча иш алып барган ишкерлер менен жолугушуу өттү.

Жолугушууга Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев катышты.

Кирүүчү топтордун, көрнөк-жарнактардын жана башкалардын бирдиктүү дизайны жөнүндө маселени талкууладык. Шаардыктар сунуштарын, суроолорун беришти.

Чогулгандардын суроолоруна мэрдин орун басары  жооп берип, өз алдынча чарбалык курулуштарга жана чатырларга жол бербөө боюнча жеринде тактоолор да берилди.

Бул багыттагы иштер улантылууда.