Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы өз билемдик менен курулган объектилерди бузуу  иштери уланууда.

Башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Иштин жүрүшүндө жалпы аянты 15 чарчы метрди түзгөн 3 өз билемдик менен курулган кирүү тобу бузулду. Ошондой эле ыктыярдуу түрдө эскертүү баракчасы берилип, түшүндүрүү  иштери жүргүзүлгөндөн кийин жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн 2 объект буздурулуп,  6 чарчы метр болгон күркө алынды