Республикалык «Урааным Манас» жана «Жаш талант -2023» кароо-сынагында Ленин району 1-орунду ээледи.

Эске салсак, сынак 2500 окуучунун катышуусунда өткөн.

Иш-чаранын максаты – улуттук баалуулуктарды сактоо, патриоттуулукка тарбиялоо, “Манас” эпосун жайылтуу жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу.

Иш-чара КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругун аткаруу максатында өткөрүлдү.

Биз катышкан окуучуларга терең ыраазычылык билдиребиз.