Жайкы каникулдун башталышы менен  И.Панфилов сейил багында шаар тургундары жана борбор калаанын меймандары  жана өзгөчө социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн атайын акция башталды.

Сейил бактын администрациясынан билдиришкендей, ар шаршемби күнү саат 10:00дөн 18:00гө чейин чоңдор жана балдар үчүн 50 сомдон, ал эми дөңгөлөк, Айлануучу мунара, Зоотопия зоопаркы жана 12D кинотеатры суператтракциондор үчүн 80 сомдон болот.

Акция жайдын аягына чейин уланат.

Белгилей кетсек, бардык аттракциондор жана механизмдер тиешелүү техникалык экспертизадан өткөн.

Урматтуу шаардыктар, балдар жана борбордун меймандары! Сиздерди биздин аттракциондорубузда  көңүл ачууга жана сейилдөөгө чакырабыз!