«Бишкексууканал» башкармалыгы «Арча-Бешик» конушундагы суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча бир катар иш-чараларды пландаштырган.

Айылчиев көчөсүн бойлой Ы.Абдрахманов көчөсүнөн  Жайыл-Баатыр көчөсүнө чейин узундугу 1300 погондук метрди түзгөн суу түтүгүнүн курулушу башталды.

Азыр 50 жумушчу жер иштерин жүргүзүп жатат. Ишкананын бардык атайын техникалары,  ошондой эле Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын атайын техникалары да тартылган.