Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаанын муниципалитетинде III Эл аралык балдардын “Наристе” фольклордук фестивалынын делегаттары менен жолугушту.
Мэр конокторго жаркын оюн көрсөтүп, фестивалга активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар маданий алмашууга салым кошуп жатканын белгиледи.
Чыгармачыл топтордун жетекчилерине жана катышуучуларга муниципалитеттин эстелик белектери тапшырылды:
- Ноева Майя Дмитриевна - Саха Республикасынын (Якутия) «Кыталык» элдик бий ансамблинин жетекчиси;
- Норбу Алдын-Белек Очур-оолович – «Дембилдай» үлгүлүү ансамблинин жетекчиси;
- Хертек Буян Юрьевич — «Эне-Сай» чыгармачылык коллективдер бирикмесинин жетекчиси;
- Дипак Томар - UDHAV спорт жана маданият ассоциациясынын башкы катчысы;
- Туспекова Куралай Айткабыловна - Казакстан Республикасынын Улуттук Дельфий комитетинин директору, #Ereksheteatr негиздөөчүсү жана продюсери, коомдук ишмер;
- Батсух мырза – “HUNNU-2 BAND” бий тобунун жетекчиси, Монголия;
- Баранова Светлана Александровна — Стерлитамак шаардык маданият үйүнүн көркөм жетекчиси;
- Ковнир Эллина Владимировна - Санкт-Петербург шаарынын Приморск районунун «Эдельвейс» билим берүү илимий борборунун мамлекеттик бюджеттик мекемесинин директорунун орун басары;
- Петрашкевич Алла Валерьевна - Москвадан келген делегациянын жетекчиси;
- Байтикова Бурул - Г.Айтиев атындагы балдар орто атайын искусство мектеби (Ош облусу);
- Ибраимова Нургүл Рыскулбековна - Ж.Шералиев атындагы шаардык искусство мектеби (Нарын облусу);
- Өмүрзакова Жанаргүл Эргешевна - Балдар искусство мектеби (Жалал-Абад облусу);
- Жунушбаева Чолпон Геннадьевна - Б.Миңжылкыев атындагы Балдар искусство мектеби (Ысык-Көл облусу);
- Зарецкая-Щербина Неждана Владиславовна - Панфилов райондук балдар искусство мектеби (Чүй облусу);
- Абдраимова Нургүл Нийматовна - Сүлүктү шаарындагы балдар искусство мектеби (Баткен облусу);
- Мадаминова Мукарамахан Токтосуновна - П.Чайковский атындагы шаардык искусство мектеби. (Ош областы);
- Курманалиева Гүлмира Шаяхматовна - Б. Ташиев атындагы Искусство мектеби (Талас району).