Эл аралык “Наристе” балдар фольклордук фестивалынын делегаттары №99 мектеп-гимназиясында болушуп, “Мурас-Ордо” конушунун тургундарына концерт тартуулашты.

Индия, Казакстан, Монголия, Санкт-Петербург, Тыва , Башкортостан, Саха (Якутия) Республикаларынын жана Кыргызстандын 7 облусунан келген делегацияны Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева тосуп алды.

Иш-чаранын жүрүшүндө биздин республикабыздын фольклордук бий жана аспаптык ансамблдеринин жана борбор шаардын меймандарынын өнөрлөрү тартууланды.

Иш-чаранын аягында балдарга балмуздактар таратылды.

Белгилей кетсек, “Наристе” эл аралык балдардын фольклордук фестивалынын негизги максаты Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик чыгармачылыгы менен тааныштыруу болуп саналат.

,