Борбор калаада “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан 4 көчөдө 8 чакырым тротуар курулууда.

Мисалы, Сухэ-Батор көчөсүн бойлой Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин (түштүк тарабы) тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Учурда жолдун кыртышын даярдоо иштери аяктап, ирригация системасын жана тротуар бордюрларын орнотуу иштери жүрүүдө.

Юнусалиев көчөсүнүн чыгыш тарабындагы Ахунбаев көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейинки тротуардын эски асфальты сыйрылып, бордюрлар орнотулууда.

Тротуардын узундугу 1600 погондук метрди түзөт.

Садырбаев көчөсүнүн  чыгыш тарабында Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин узундугу 2800 погондук метрди түзгөн веложолдун жана тротуардын курулушу аяктап жатат.

Тротуарлардын кыртышы даярдалды, ирригация системасы жана тротуардын тосмо таштары орнотулду.

Махатма Ганди көчөсүнүн чыгыш тарабында Саадаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин узундугу 3000 метр тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Урматтуу шаар тургундары! Объектилер боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.