Биринчи май акимчилигинин жыйындар жайында район башчысы Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы алдында пландуу кеңешме өттү.

Жыйынга шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын (БТУ ФОМС), МАБдын өкүлдөрү катышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан өткөн жылдагы бүтпөй калган объекттер жана үстүбүздөгү жылдын курулуш планы, ошондой эле башаламан соодага каршы күрөшүү маселеси каралды.

Алгач маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясынын алкагында жолугушуунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон 2023-жылдын 29-мартындагы №72 «Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр менен тааныштырылды. Муну менен катар калктын айрым категорияларына ММК фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медициналык кызмат көрсөтүү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын титулдук тизмесине ылайык, мектепке чейинки мекемелерди, мектептерди, чатырды реконструкциялоону жана мектептер үчүн кошумча имараттарды, балдар аянтчаларын, канализацияны жана башка аймактарды камтыган 23 объекттин курулушу пландаштырылууда.

«Бишкекасфальтсервис» ММ жалпы узундугу 4385 метрди түзгөн 8 унаа жолунда жана үч тротуарда курулуш иштери уланып жаткандыгын, анын ичинен беш тилкеде иштер аяктаганын билдирди.

Башаламан соодага келсек, жыл башынан бери кызмат көрсөтүүлөр менен бирге 1000 метрден ашык мыйзамсыз туташтырылган кабелдер ажыратылган, мындан тышкары 4 батут, 30 велосипед, 41 балдар электромобилдери, балмуздак саткан 15 муздаткыч жана 18 оюн түзүлүштөр алынды.

Ошол эле учурда 22 видеокөзөмөл камерасы орнотулган, анын ичинен 5 – жүз таануучу, 16 – Эркиндик бульварында, 4 –  И.В.Панфилов атындагы сейил багында, 2 - Пушкин көчөсүндө, ошондой эле  соода эрежесин бузуу, таштандыларды мыйзамсыз жерлерге таштоо, туура эмес унаа токтотуу ж.б.у.с. видео камера аркылуу көзөмөлдөнүүдө.

Жыйындын жыйынтыгында райондук кызматтарга берилген тапшырмалардын протоколу түзүлдү.
Свердлов акимчилигинде да жыйын өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышы жөнүндө,  Свердлов районунун  аймагында жерге мунапыс берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер,  «Санарип аймагы» АИСине райондун кожолуктарын жана тургундарын каттоо, турак жайларды газдаштыруу жана мектептерди, бала бакчаларды оңдоого даярдоо боюнча маалымат угулду.  

Жыйындын жыйынтыгы менен МАБ жетекчилерине үй-бүлөлүк майрамдарды жана эскерүү ырым-жырымдарын иретке келтирүү боюнча тургундарга түшүндүрүү иштерин активдештирүү тапшырылды. Ошондой эле райондук билим берүү борборунун директоруна  мектептерди жана бала бакчаларды оңдоону көзөмөлгө алуу милдеттендирилди.