Мелдешке ар бир райондон эки командадан 8 кыздар командасы, 8 балдар командасы, бардыгы 48 окуучу катышат.


Аталган мелдеш окуучулар арасында шахматты өнүктүрүү жана Бишкек шаарынын курама командасын топтоо үчүн күчтүү шахматчыларды аныктоо максатында өткөрүлүүдө.


Иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурууда.


Жеңүүчүлөр шаардык комитеттин медаль, кубок жана баалуу белектери менен сыйланышат.