Балдардын III Эл аралык “Наристе” фольклордук фестивалынын алкагында борбор калаанын мектептеринде тынчтык сабактары өткөрүлдү.
Фестивалдын меймандары өздөрүнүн оюн-зоокторун көрсөтүштү. Өз кезегинде бишкектик мектеп окуучулары өздөрүнүн маданий иш-чараларын көрсөтүп, эстелик белектерин тапшырышты.
№4 гуманитардык-укуктук багыттагы гимназия мектебинде өткөн иш-чарага борбор калаанын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышты. Тыва Республикасынан, Ош жана Талас облустарынан келген коноктор өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Казакстан Республикасынан, Саха (Якутия) Республикасынан жана Баткен облусунан келген коноктор №40 орто мектепте болушту.
№20 ОТК мектеп-гимназиясына Санкт-Петербург, Москва, Индия өлкөлөрүнөн, Нарын, Жалал-Абад облустарынан делегаттар келишти.
№24 мектеп-гимназиясына Башкортостан Республикасынан, Монголиядан, Ысык-Көл, Чүй облустарынан коноктор келишти.
Мектеп окуучулары келген коноктор үчүн улуттук тамак-аш боюнча көргөзмөлөрдү уюштуруп, мастер-класстарды өткөрүштү.
Коноктор – «Наристе» фестивалынын делегаттары улуттук тамак-аштар менен сыйланып, өз колдору менен курут, талкан жасап, андан сырткары кийизден, түстүү кагаздан, жүндөн буюмдарды жасап, андан соң эстелик катары алып кетишти.
Спорт сүйүүчүлөр үчүн улуттук оюндар: жаа атуу, тогуз коргоол, таяк тартыш, аркан тартыш уюштурулду.