Октябрь администрациясынын залында 2023-жылдын 2-июнунда саат 10:00дө мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев менен Манас-Ч.Айтматов проспектиси менен Ю.Абдрахманов-Б.Баатыр көчөлөрүндө иш алып барган ишкерлердин жолугушуусу пландаштырылган.
Бирок 10 гана адам катышты. Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери алдыдагы жыйын тууралуу ишкерлерге маалымат беришкен.
Күн тартибинде кирүү топторунун бирдиктүү дизайнын, көрнөктөрдү ж.б.у.с. талкуулоо болду. Бул тема боюнча да суроолорду берсеңиздер болот.
Буга байланыштуу Байтик Баатыр көч., 17 (Октябрь администрациясынын жыйындар залы) дареги боюнча отурум 2023-жылдын 6-июнуна саат 10:00гө жылдырылды.
Урматтуу жогоруда аталган көчөлөрдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлер (үй ээлери)! Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бирдиктүү чечим кабыл алууга катышууңуздарды чын жүрөктөн суранабыз.