Бишкекте «Өкмөттүк акселераторлор"  программасынын алкагында алгачкы үй тибиндеги бала бакчалар эшигин ачты.

Иш-чарага КРнын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жана жумушчу топтун жетекчиси Асел Чынбаева, Билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, борбор калаанын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов катышты.

Биринчи май районунда Исанов көчөсү 140, Кубинская көчөсү 4, Ак-Босого конушунда үч бала бакча ачылды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу демилгеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан «Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Өтүнмөнү шилтеме боюнча толтурса болот: https://forms.gle/Lg83uMtn4Ts2R14FA

Кошумча консультацияларды Ленин жана Биринчи май пилоттук райондорунан төмөнкү телефондор боюнча алууга болот:

- Биринчи май району - 62 35 02;
- Ленин району - 65 68 94.