Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришкендей, №7 троллейбустук каттам 3-июндан тарта Ак-Өргө конушуна каттай баштайт.

Троллейбус мурдагыдай эле Ак-Өргө конушунан Тунгуч кичи районуна чейин каттайт.

Эске салсак, Гагарин-Некрасов көчөлөрүнүн кесилишине канализациялык коллектор орнотулгандыктан 2023-жылдын январь айынан бери 7-каттам Ак-Өргөгө каттабай калган.