Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти Балдарды коргоо күнүнө карата спорттук иш-чараларды уюштурду.
Шаардын спорт аянтчаларында массалык спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.
Ага Бишкек шаарынын калктуу конуштарынын жана кичи райондорунун балдары катышты. Бардык балдарга белектер, байгелер жана таттуулар таратылды.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Бишкек шаарынын конуштарында жана кичи райондорунда жашаган өспүрүмдөр менен балдардын достук байланышын чыңдоо максатында өткөрүлдү.