Урматтуу Биринчи май районунун тургундары! Мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын жогорку сапаттагы жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүү, жарандар жана үй чарбалары үчүн санариптештирүү көрсөткүчтөрүн жогорулатуу максатында борбордо «Санарип аймак» системасы иштейт.
«Санарип аймак» тутумунун негизги максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө адистердин ишин автоматташтыруу болуп саналат.
Урматтуу шаар тургундары!
Биринчи май акимчилиги тургундарды жарандык позицияны жигердүү көрсөтүүгө жана “Санарип Аймак” системасына катталууга чакырат, анткени биргелешкен күч-аракет менен гана ар бир адамдын кызыкчылыгын, максаттарын жана милдеттерин ишке ашыра алабыз.
Ошондой эле, системага каттоодо маанилүү фактору - жашаган жеринен, үй-бүлө курамы жөнүндө, мектептен, медициналык жана башка көптөгөн керектүү күнүмдүк маалым каттарды үйдөн чыкпай алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби болуп саналат.