№4 Балдар искусство мектебинде “Этностук топтордун мурастарынын маданиятын кайра жаратуу, сактоо жана жеткирүүнүн заманбап технологиялары: тажрыйба, көйгөйлөр, келечек” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чара “Кыргызстандагы Дельфий оюндарынын евразиялык борбору” долбоорунун жана III Эл аралык “Наристе” балдар фольклордук фестивалынын алкагында өттү.
Презентация менен Саха, Тыва, Казахстан, Башкортостан, Индиянын өлкөлөрүнүн өкүлдөрү чыгышты .
Бардык конокторду Кыргыз Республикасынын Дельфий комитетинин Аткаруу комитетинин төрагасы, эл аралык Дельфий комитетинин байкоочусу Татьяна Масиевская тосуп алды.
Конференцияга топтордун жетекчилери жана ардактуу коноктор да катышты.