Беловодское айылындагы мектепке чейинки балдар үйүндөгү тарбиялануучуларды «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери куттукташты.

Ушундай жаркыраган күндө биз балдарга убактыбызды бөлүп, сонун маанай тартуулоо максатында белектер менен конокко келүүнү чечтик.

Шайыр балдар бизге концерт тартуулап, абдан сонун ырдап, элдик жана заманбап бийлерди бийлешип, «Манас» эпосунан үзүндү айтып, ыр ырдап, оюндарды ойношту.

Ишкананын кызматкерлери ар бир балага таттуу белектерди, жууркан, кийим-кечек тапшырышты.

«Бишкекасфальтсвервис» муниципалдык ишканасы кызматкерлердин балдары арасында сынак уюштурду.

Сынактын шарты боюнча балдар «Жол балдардын көзү менен: жолдон кантип өтүү керек, жөө жүргүнчү деген ким, жол чырак жана коопсуздук эрежелери» деген темада сүрөт тартышы керек.

Мелдешке 3 жаштан 9 жашка чейинки улан-кыздар катышты.

Ушундай майрамдын урматына калыстар тобу орун бөлбөй, бардык балдарга сонун белектерди тартуулашты.