Көлмө конушунда Ала-Арча дарыясына көпүрө куруу менен 1,5 чакырым узундуктагы Мыскал көчөсүн оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Алсак, Биринчи май районунун акиминин орун басары Чынгыз Байысов Түндүк «Райондук электр тармактары» ишканасынын (РЭС), «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялоо башкармалыгынын, Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын,  "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын  жана МАБдын өкүлдөрү менен биргеликте  көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйындын негизги темасы - тротуар курууда тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо иштерин тездетүү, Мыскал жана Үмүт көчөлөрүнүн кесилишиндеги трансформатордук көмөкчордондун (ТП) тирөөчтөрүн жана кабелдерин көчүрүү,  ГОСТ стандарттарга ылайык, кудуктардын капкактарын орнотуу боюнча  борбордук суу менен камсыздоого кошулган абоненттерге  түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.

Белгилей кетсек, учурда Мыскал көчөсүнүн унаа жүрүүчү бөлүгүнө эки катмар асфальт төшөлүп, жол бордюрлары жана ирригациялык лотоктор орнотулуп, Теңдик жана М.Ганди көчөлөрүнүн бөлүгүнө тротуар куруу  боюнча иштер жүрүп жатат.