Сынак  «Бишкексууканал» ӨЭБ кызматкерлеринин балдарынын арасында «Сууга кылдат мамиле баланын көзү менен» темасында болду.

Мелдешке 6 жаштан 11 жашка чейинки 34 бала катышты.

Сынактын негизги максаты - таланттуу балдарды аныктоо жана аларга дем берүү, жаш сүрөтчүлөргө чыгармачылык дараметин ачууга мүмкүнчүлүк түзүп, ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча өзгөчө көз карашын көрсөтүү.

Калыстар тобунун чечими менен сынактын 16 катышуучусу медаль жана баалуу белектер менен сыйланса, калган катышуучулар кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды башкармалыктын начальниги  Талайбек Орозов тапшырды