«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 2 көчөдө жолдун капиталдык курулушун бүтүрүп, 8 участокто оңдоо иштерин улантууда.

Ошентип, жаңы асфальт төшөлүп, тосмо таштары, ирригациялык системасы орнотулуп, жарандардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн Койташ чолок көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейин тротуар уюштурулду.

Жол чийиндери чийилип, жол белгилери орнотулуп, жол кыймылы үчүн толук ачылды.

Сыдыков көчөсүн бойлото Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки аралыкта жол жана тротуардын курулушу бүткөрүлүп, ирригация системасы орнотулуп, тиешелүү жол белгилерин орнотуу менен жол сызыктары түшүрүлүүдө.

Көлмө конушундагы Мыскал көчөсү боюнча Махатма Ганди көчөсүнөн Теңдик көчөсүнө чейин тротуарды иретке келтирүү иштери жүрүп, көпүрөдө жөө жүргүнчүлөр үчүн зоналар курулууда.

Менделеев көчөсүн бойлой №153 Б үйдөн 139 Б үйгө чейин ирригация орнотуу иштери уланууда.

Лотокторду орнотуу иштери аяктагандан кийин, туурасы 6 метрди түзгөн жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кыртышын даярдоо иштери башталат.

Ленск көчөсүндөгү тротуарды жана жолду капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери кызуу жүрүп жатат. Фучик көчөсүнөн ЧЧКга чейинки 1050 погондук метрди түзгөн жол жана эки тарабында тротуары салынат.

Ч.Айтматов проспектисин бойлой эстакада жолундагы жөө адамдар өтүүчү жолду асфальтка даярдоо иштери журүүдө.

Орозбеков көчөсүн бойлой Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин жол бордюрларын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Пархоменко көчөсүн бойлой Фрунзе көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейин жолдун жээгиндеги жерди тегиздөө иштери өткөрүлүүдө.

Алыбаев көчөсүндөгү узундугу 1050 погондук  метрди түзгөн жолду жана тротуарды капиталдык оңдоо иштери башталды.

Осмонов көчөсүнөн Кривоносов көчөсүнө чейинки эски асфальтты кыруу иштери жүрүп жатат.

Керченский чолок көчөсүндөгү Элебесов көчөсүнөн Дачная-Керченская тилкесине чейин 720 метрге ирригация системасын орнотууга даярдыктар көрүлүүдө.  

Андагы жолдун бир тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар уюштурулуп, экинчи тарабына сугат лотоктору орнотулат.