Аталган мелдешке бильярд жана велосипед спорту боюнча ОРАБӨМ тарбиялануучулары катышты. Катышуучулардын жалпы саны 100гө жакын болду.

Веложарыш төмөнкү максаттарда өткөрүлдү:
- сергек жашоо образын жана бош убакытты өткөрүүнүн активдүү формаларын пропагандалоо (спорттук оюндар, маданий – массалык иш-чараларга катышуу, туризмди алып баруу, спорттун бул түрүн калыптандыруу);
- ден соолуктун жана экологиянын булагы катары велосипед кыймылын жана велосипед тебүүнү жайылтуу, ошондой эле адамдын өмүрүнүн узактыгын жогорулатуу;
- сергек жашоону пропагандалоо жолу менен тамеки тартууга, баңгизатка жана алкоголизмге каршы күрөшүү;
– эко-туризмди, вело туризмди өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн жана региондорду өнүктүрүүнүн кластери катары өнүктүрүү;
- тоо велосипеди боюнча келечектеги эл аралык мелдештерге спортчуларды даярдоого катышуу.

«Аэропорт Reis 2023»  Веложарышынын жыйынтыгы:
Эркектер арасында 18-35 жаш:
Маткаримов Мухамед-Али – 1-орун;
Ажмал Ромал – 2 орун;
Велямов Данияр – 3-орун;
Кыздар арасында:
Чалова Алимина – 1-орун;
Березовская Евгения-2-орун;
Карга Алла- 3 -орун;
Жаш--өспүрүмдөр арасында:
Сафронов Кирилл-1-орун;
Ажмал Лемар – 2- орун;
Маткаримов Шахрух – 3-орун.