Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун Ч.Айтматов проспектисин көрктөндүрүү боюнча берген тапшырмасын ишке ашыруу максатында мэрдин орун басары Мурат Осмонов жеринен  текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында  Ленин районунун акими Мураталы Тагаевге «ACT BUILDING» курулуш компаниясы менен бир жуманын ичинде курулуш объектисинин тосмосун демонтаждоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле бир жумада «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте Ч.Айтматов - Масалиев проспектилеринин  кесилишиндеги контейнерди көчүрүп, бошогон аянтчаны көрктөндүрүү боюнча сунуш киргизүү талабы коюлду.

Мындан тышкары, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жана Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине бир жума ичинде Ч.Айтматов жана Ы. Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер тилкесин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылды.

Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы менен биргеликте эки жумада Ч.Айтматов проспектисинин жээгинде жайгашкан жеке турак жайлардын тосмолорун иретке келтирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.

«Бишкексууканал» башкармалыгына  үстүбүздөгү жылдын 29-майына чейин бардык даярдык иштерин бүтүрүп, эскирген тосмону эстетикалык көрүнүштөгү тосмого алмаштыруу тапшырылды.

Мэрдин орун басары тапшырмалар сапатсыз жана өз убагында аткарылбаган учурда тиешелүү жетекчилерге катуу тартиптик чаралар көрүлөрүн эскертти.