Бул жылы конкурс Тарых жана маданият жылына арналат.
Чыгармачылык конкурс жаштар арасында таланттуу аткаруучуларды чыгаруу, эстрадалык вокал жанрындагы жана аспаптарда аткаруудагы аткаруучулук чеберчиликти жогорулатуу, маданий агартуучулукка үгүттөө максатында өткөрүлөт.
Конкурс эки номинацияда өтөт: 7 жаштан 18 жашка чейинки курактар арасында эстрадалык вокал жана эстрадалык-аспаптык аткаруу (соло).
Ар бир номинацианын жеңүүчүлөрү I, II, III даражадагы дипломдор, «Үмүт» байгеси жана шаардык мэриядан бөлүнгөн байге фондунан акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.
Катышуучулардын чыгармачылыктарын баалоо үчүн калыстар тобуна Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын жана Мураталы Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамы кирет.