Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай Каражыгач токоюнда майрамдык иш-чара өттү.
Майрамдык иш-чарада Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов балдарды куттуктап, бактылуу балалык каалашты.
Токой шарттуу түрдө 5 зонага бөлүнгөн: маданият, оюн-зоок, ден соолук чыңдоо, спорт, чыгармачылык жана тамак-аш зонасы.
Чыгармачылык зонасында асфальтка сүрөт тартуу боюнча түрдүү мастер-класстар өткөрүлдү.
Спорттук зонада спорттун 5 түрү боюнча: пионербол, жеңил атлетика, эстафета, аркан тартыш, таяк тартыш боюнча спорттук мелдештер уюштурулду.
Оюн-зоок аянтчасына батут орнотулуп, балдар поезди, балдар үчүн унаалар жана шайтан арабалар, ал эми маданий зонада чыгармачыл топтодун майрамдык концерти жана жаш таланттардын концерти өткөрүлдү.
Тамак-аш аймагында коноктор үчүн тамак-аш жана суусундуктар таратылып, бардык балдарга акысыз балмуздак берилди.
Борбор калаанын мэриясы балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, жагымдуу маанай каалайт.