Борбор калаада мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин катышуусу менен Манас проспектиси боюнча өз билемдик менен орнотулган объекттерди демонтаждоо уланууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери "Тазалык"муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте жеринде иш алып барууда.

Ошентип, проспектинин чыгыш тарабында (көпүрөнүн үстүндө) муниципалдык аймакка чыгып турган кире бериш топтор жана бастырмалар демонтаждалат.

Мындан тышкары, жарнамалык структуралар, белгилер жана стеллалар шаардан «алынат».

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Өзүңүздүн объекттериңизди талапка ылайык келтирүүнү, ошондой эле муниципалдык аймакты өзүм билемдик менен ээлебөөнү суранабыз.