Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөөгө байланыштуу 1-июнь күнү саат 07:00дөн баштап майрамдык иш-чара аяктаганга чейин Чүй проспектиси Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылат.

№7, №34, №38 автобустук каттамдардын жана №111, №134, №137, №138, №166, №211, 220-маршруттук кичи автобустардын кыймылы Ала-Тоо аянтын айланып өтүү менен, Тыныстанов, Киев, Тоголок-Молдо көчөлөрү менен жүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамыңызды алдын ала пландап алууну өтүнөт.