Свердлов районунун билим берүү мекемелеринин окуучулары Бишкек шаарында ишке ашырылып жаткан «Бишкек шаарынын катуу калдыктарын чыгарууну башкаруу системасын жакшыртуу» долбоору менен таанышты.

Жыйындын жүрүшүндө Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков райондун мектептеринин окуучуларына жер алдындагы таштанды аянтын көрсөтүп чыкты.

Балдар таштандыларды өзүнчө чогултуу көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча зарыл билимге ээ болушту. Окуучулар адам айлана-чөйрөгө кандай таасир этээрин жана  эмне үчүн айлана-чөйрөнү коргошубуз керек экенин үйрөнүштү.

Свердлов районунун аймагында «Бишкек шаарынын катуу калдыктарын чыгарууну башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында  Сүйүнбаев көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине "Тазалык" муниципиалдык ишканасы тарабынан жер алдына таштанды таштоочу жай курулду.

Ал 4 таштанды контейнери менен жабдылган.

Ошентип, заманбап технологияларды ишке киргизүү таштандыны чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзүүгө, шаар көчөлөрүнүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда таштанды контейнерлеринин жана участокторунун жанында тазалыкты жана тартипти түзүүгө өбөлгө түзөт. Эң негизгиси, чогулган пункттар мындан ары жолбун иттердин чогулган жери болбойт.

Ошондой эле мектеп окуучуларына таштандыларды чогултуунун жаңы маданиятын калыптандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.