“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 1-июнда саат 8:00дөн 20:00гө чейин төмөнку даректердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.

Лермонтов-Ауэзов-Токмок-Көлбаев көчөлөрү -ЖЭБ каналы, Аламүдүн-1 кичирайону, Куруучулар шаары чектешкен жерде суу өчүрүлөт.

Суу "Кажысай" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу  токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.