Акыркы убакта Биринчи май районунун жарандарынан шаарды көрктөндүрүү иштери боюнча кайрылуулар көбөйгөндүгүнө байланыштуу Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди.

Сазыкулов  Ю.Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде курула турган аялдаманын жерин көрүп чыкты. Андан соң Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги шахмат аллеясынын курулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, бул жердеги балдар аянтчасы Эркиндик бульвары менен Чокморов көчөсүнүн кесилишине көчүрүлгөн жана учурда курулуш иштери уланууда.

Андан кийин район акими Токтогул көчөсүндөгү №96, №98 үйлөрдүн жашоочулары менен тосмонун алынышы тууралуу сүйлөштү.

Эске салсак, жакында борбор калаанын көчөлөрүнө эстетикалык көрк берүү максатында аталган үйлөрдүн эски тосмолору жана жарнама конструкциялары алынган.