Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда майрамдык иш-чара өттү.

Концерт алдында борбордун кире беришинде «УШУ Кунгфу мектеби» жана «Таэквондо -ITF» спорттук секциясынын окуучулары өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Биринчи май районунун акиминин орун басары Рахат Мусаева жаш өспүрүмдөрдү келе жаткан майрамы менен куттуктап, ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады.

Иш-чарага Биринчи май районунан 600 бала чакырылган. Салттагыдай иш-чаранын соңунда бардык балдарга балмуздак таратылды.

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Биринчи май району боюнча майрамдык иш-чаралардын программасы даярдалган:

- 1-июнь саат 10:00дө “Ак-Босого” конушундагы Чүй 41 көчөсүндө БУУнун Миграция боюнча эл аралык уюмунун каржылык колдоосу менен курулган аянттын ачылышы.

- 2-июнда 14:00дө И.В.Панфилов атындагы сейил багында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 150 баласы үчүн майрамдык иш-чара.

- 10-июнь күнү саат 10:00дөн 14:00гө чейин И.В.Панфилов атындагы сейил багында Джубили Кыргызстан камсыздандыруу компаниясы таттууларды таратуу, сүрөттөр үчүн зонаны орнотуу менен «Өзүңдүн мультбаатырыңды жарат» аттуу балдардын чыгармачылык сынагын өткөрөт.