Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Октябрь районунан катуу тиричилик таштандылары чыгарылбай  жаткандыгы боюнча тургундардан көптөгөн арыздар түшкөн.

Мындан улам мэрия таштанды чыгарбоо фактыларын текшерүү үчүн мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев башында турган комиссия түзүлдү.

Мэрдин орун басары  жооптуу шаардык кызматтар менен биргеликте Октябрь районун текшерүү үчүн жерине барган. Текшерүүнүн жүрүшүндө «БишкекВторРесурс» ЖЧКсы тарабынан келишимдик милдеттенмелерди аткарбоо фактылары аныкталды.

Мэрдин орун басары  Жыргалбек Шамыралиев Октябрь районунун акимине аталган ишкана менен таштанды чыгаруу кызматын көрсөтүү боюнча келишимди бузууну тапшырды.

Белгилей кетсек, көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан аталган ишканага карата 20 акт түзүлгөн. «БишкекВторРесурс» ЖЧКсы «Тазалык» МИ жана «Бишкек санитардык полигону» МИнин алдындагы милдеттенмелерин аткарган жок, бул кредитордук карызга алып келген.

Октябрь районундагы таштанды чыгаруу функциясы «Тазалык» муниципалдык ишканасына өтөт. Ишканага бардык таштанды жайларын инвентаризациялоо жана келтирилген материалдык чыгымды көрсөтүү тапшырылды.