Бишкек шаарында мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев муниципалдык турак жайларды менчиктештирүүгө туш болгон шаардыктар менен жолугушту.

Мэрдин орун басары документтерди даярдоо процесси тууралуу айтып берди, жеринде тиешелүү адистерге тапшырмалар берилди.

Бүгүнкү күндө менчиктештирүүгө жарандардан 150гө жакын арыз бар, алар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жайларды менчиктештирүү маселелерин кароо боюнча комиссиясынын отурумунда каралды. Белгилей кетсек, бул 25-30 жылдан ашык мунциипалдык батирлерде жашаган шаардыктардын категориясы. Алардын менчиктештирүү маселелери көп жылдар бою чечилбей келген.

Учурда батирлерди менчиктештирүү боюнча биринчи чечимдер кабыл алынды.