Өткөн дем алыш күндөрү Свердлов районунда Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Алар эртең менен чек ара тобунун өздүк курамын жана чек ара кызматынын ардагерлерин түзүү менен башталды.

Акимчиликтин жетекчилиги ардагерлерге жана өздүк курамга кызмат өтөгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, кесиптик майрамы менен куттуктап, 2063-аскер бөлүгүнүн эки аскер кызматкерине муниципалдык администрациянын Ардак грамоталарын тапшырды.
Кыргызстанда 28-майда белгиленүүчү Чек арачылар күнү биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-декабрындагы №696 токтому менен Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын салттарын калыптандыруу, аны жайылтуу, маанилүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу  максатында белгиленген.