Мэриянын аппарат  жетекчиси Азиз Садырбековдун төрагалыгы алдында жарандардын учурда жашаган жери боюнча маалыматтарды "Санарип Аймак" системасына киргизүү боюнча жумушчу жыйын өттү.

Жыйынга райондук администрациялардын аппарат жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктын башчылары, Бишкек шаарынын мэриясынын санариптик технологиялар борборунун адистери катышты.

Жыйынтыгында 2023-жылдын 15-июнуна чейин жарандарды жана үй чарбаларын санариптештирүү көрсөткүчтөрүн жогорулатуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле пландуу көрсөткүчтөргө жетишүү максатында кошумча адамдык жана өндүрүштүк ресурстарды тартуу жана өндүрүштүк ресурстарды көбөйтүү аркылуу райондук администрациялардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын жүргүзүп жаткан иштерин күчөтүү талабы коюлду.

Мындан тышкары, жума сайын көрсөтүлгөн иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берилет.

«Санарип Аймак» системасына маалымат киргизүүдө адистер тиешелүү аймактарды кыдырып чыгышат.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы адистерге көмөк көрсөтүүнү суранат.

Белгилей кетсек, тиешелүү иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы №1 “2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы № 1 “2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси  А.У. Жапаровдун 2022-жылдын 19-январындагы № 26-30 протоколдук тапшырмасы,  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э. Төрөбаевдин 2022-жылдын 7-июнундагы № 26-2223 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.