«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кабылдамасына Октябрь районунун тургуну телефон чалган.

Пенсионер даракка тыгылып калган мышыкты сактап калууну суранган. Жашылдандыруучулардын айласы кетти, анткени ал учурда   Октябрь районунун бригадири Улан Абдраимов башкарган бригада  тургундардын өтүнүчү боюнча райондун башка жеринде болчу.

Бирок жашылдандыруучулар пенсионердин өтүнүчүн четке кага албай, иш бүтөрү менен  чакыруу түшкөн Беларусь көчөсүндөгү 14-үйгө барышты. Маалым болгондой, мышыкты 3 күн бою чыгара албай, үйдүн жашоочулары бардык кызматтарга кайрылышкан. Бирок баары тең баш тартышкан.

Жеринде мышык чындап эле 3,5 метр бийиктиктеги даракка асылып калганы жана ага жашоочулар жардам бере албаганы белгилүү болду. Жашылдандыруучулар мышыкты  алып чыгып, тургундарга өткөрүп беришти. Мышыкка "Зеленка" аты коюлду.