Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн алдында Биринчи май районунун жаш тургундарын куттукташты.

Балдарга «Россия» кинотеатрына акысыз баруу каралган. Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган 300 бала жана билим берүү уюмдарынын окуучулары «Трио в перьях» мультфильмин көрүштү.

Балдарга жагымдуу маанай жана позитивдүү эмоциялар тартууланды.

Биринчи май районунун акимиаты «Россия» кинотеатрынын жетекчилигине жана кызматкерлерине мультфильм көрүүнү  уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.