Борбор калаада Ю.Абдрахманов жана Киев көчөсүнүн кесилишиндеги аялдама демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жаңыланууда.

Долбоорго ылайык аялдама жабык  болот. Анда жайында салкындатуучу, кышында жылуутуучу жабдык орнотулат. Ошондой эле аялдамада  коомдук транспорттун  декоративдик маршруту, жарнак  тактасы, маалыматтык LED экраны болот.

Белгилей кетсек,  долбоор Биринчи май райондук администрациясы менен «Бакай Банк» ААК ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылууда.

Ошондой эле  Биринчи май районунун администрациясы аялдамага "Коопсуз шаар" системасын орнотуп,  бир нече  метр радиуста болуп жаткан кыймылды камтыган панорамалык жана түнкү тартуу мүмкүнчүлүгү бар видеокөзөмөл камераларын коюуну пландаштырууда. Мындан сырткары аялдамада Wi-Fi,  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус,  карта-схема, интерактивдүү сенсордук LCD мониторлор жайгаштырылат.

Эске салсак, буга чейин "Бишкекасфальтсервис" муниципиалдык ишканасы тарабынан жол тыгындарын жоюу жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн аялдама жылдырылып, тротуар кеңейтилген. Ошондой эле жолго жээк таштар коюлуп, жол асфальтталган.