Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков каарманыбыз Даниил жана анын апасы Ирина Петровна менен жолугушту.

Окуучуга өзгөчө кырдаалда көрсөткөн эрдиги үчүн район башчысы чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, муниципалдык администрациянын Ардак грамотасы менен сыйлады. Ал эми ушундай  камкор уулду тарбиялаганы үчүн апасына муниципалдык администрациянын Ыраазычылык каты тапшырылды.                                                      

Мындан тышкары, «Жасмин» кафесинин ээси Бахрам Кудайдатов Даниилге беш миң сомдук сертификат тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, өткөн аптада 16 жаштагы Даниил Дриго эки баланы БЧКга чөгүп жатканын көрүп, суудан алып чыккан. Өспүрүм машыгуудан кайтып келе жаткан учурда жардам сурап кайрылган үндөрдү уккан.

Даниил №52 орто мектептин 9 «А» классынын окуучусу. Ал кайык спорту менен алектенет, спорттун чебери.

Урматтуу ата-энелер! Айрыкча жай мезгилинде балдар сууга жакын ойногондо этият болушуңуздарды суранабыз. Ошондой эле, кырсыктарды болтурбоо үчүн алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүңүз.