“Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев Сокулук районун жетекчилерине кайрылуу жолдоду.

Себеби, Бишкек шаарына сырттан кирген адамдар ар кандай таштандыларды алып келип таштап кетишүүдө. Бул Тазалык муниципалдык ишканасына ашыкча түйшүк жаратып, кошумча чыгымдарга алып келүүдө. Ушундан улам Сокулук районуна караштуу айылдардан келген жолдун жээгиндеги урналарга атайын байкоо жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Орок, Жал, Кашка-Суу, Селекция, Күн-Туу, Достук, Ак-Ордо сыяктуу айылдардын тургундары таштанды алып келип таштап жатканы аныкталган.  Бул жогоруда аталган айылдарда тазалык, таштанды чыгаруу иштери жергиликтүү бийлик тарабынан жөнгө салынбаганын билдирет.

Ошондуктан “Тазалык” муниципалдык ишканасы бул көйгөйлүү маселени чечүүгө чакырат.