Биринчи май райондук администрациясында  кадрдык өзгөрүүлөр болду. Жаңы орун басарды Биринчи май акимчилигинин жамаатына борбор калаанын мэринин биринчи орун басары  Мирланбек Байгончоков тааныштырды.

Биринчи май районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп Рахат Мусаева дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Буга чейин Р.Мусаева Биринчи май райондук билим берүү борборун жетектеп келген. Белгилей кетсек, буга чейин райондун акиминин орун басары кызматын Аида Рысбаева ээлеп келген.