Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “ Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз ишке бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Бишкек шаарындагы мурдагы Гранд казиносунун ишмердүүлүгү текшерилди.

Октябрь администрациясынын кызматкерлери аймактык тескөөчү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын, билим берүү борборунун жана МАБ адистери менен биргеликте мектеп окуучуларын жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кумар оюндарына катышуулары боюнча текшерүү жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган жок, ал эми оюн-зоок жайы менен оюн залынын имаратынан жашы жете элек баланы табуу жана оюн автоматтарында кумар ойноо үчүн жоопкерчилик тууралуу профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Бул багыттагы рейддер уланууда.

Белгилей кетсек, Гранд казиносу мурдагы "Золотой дракон" ресторанынын имаратында (Элебаев 60) иш алып барат. Лицензияны Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы берген.