Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында бажы кызматынын аллеясы ачылып, ага Октябрь администрациясынын башчысы Жаныбек Орозалиев, КР Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы Россия Федерациясынын Бажы кызматынын өкүлчүлүгүнүн башчысы, бажы кызматынын экс-жетекчилери Азамат Сулайманов, Айдарбек Дүйшалиев, Алмаз Оолбеков, ардагерлер жана бажы кызматынын өздүк курамы катышты.

Аталган скверде бажы кызматынын күнүмдүк турмушу тууралуу маалымат стенддери орнотулуп, «Жашыл Мурас» акциясынын алкагында аллея көрктөндүрүлүп, туя көчөттөрү отургузулду. Ыңгайлуу отургучтар, күн прожекторлору, урналар жана дренаждык лотоктор алмаштырылды.