«Ынтымак-2» сейил багында Europe Summer Fest Bishkek иш-чарасы өттү.

Кыргызстандын эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өттү. Чоңдор жана балдар үчүн ар кандай сынактар, атайын викториналык оюндар, спорттук оюндар жана пайдалуу семинарлар,  футбол, баскетбол, регби, сүрөт тартуу, мода көргөзмөсү уюштурулду.

Ошондой эле ар кандай зоналар уюштурулган: санариптик, жаштар, жашыл, спорт аянтчасы жана эс алуу зонасы.

Иш-чаралар Германия, Франция, Эстония, Бельгия, Хорватия, Венгрия, Нидерланды, Финляндия жана башка Евросоюзга мүчө мамлекеттердин элчиликтери менен тыгыз кызматташтыкта уюштурулууда. Майрамды уюштурууга Novotel, Hyatt, Orion мейманканаларынын администрациялары жана европалык Lacoste, Boss, L'occitaine, Yves Rocher, Descombes, Steinbrau жана башка бренддер катышты.