«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишкананын директору менен  ордолуу Ош шаарынан келген кесиптештердин жолугушуусу өткөрүлдү. Бишкекке Ош шаарынын мэриясынын шаар чарбасы жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Советбек уулу Иманбек, ошондой эле «Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Большевиков Абай келишти.

Жолугушуу шаардын экологиялык имиджин сактоо жаатында тажрыйба алмашуу максатында өттү.

Эки ишкананын жетекчилери баш калаанын күнөсканаларын жана питомниктерин кыдырып, шаардын алдыңкы адистери жана агрономдору менен жолугушуп, Бишкек жана Ош шаарларын жашылдандыруунун мүмкүн болгон перспективаларын талкуулашты.